сураштыр
- Иликтөө, суроолорду берүү, сурамжылоо, ар кимден сурап, билүүгө аракет кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтумуштун алдында, / Чынгыш деген бар экен, / Баштан айак заар экен, / Сураштырып угушсак, / Чыгыштан барган жан экен, / Чынгыштын кызы Чыныке, / Алынча сулуу ал экен, / Мен алам деп күн батыш, / Баш билгичтер зар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Накылай көркөм кыз экен, / Жез оймоктун узу экен, / Сураштырса Накылды, / Он төрткө чыккан кези экен, / Жаман кыздан бирөө жок, / Баары жакшы мыкты экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сураштырса Манас жок, / Шүкүрлүү кеткен уу кылып, / Кабарчыда кайыр жок, / Барбай койду бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Менин балам өңүнөн азып кетти, эмне болгонун сураштырып бергилечи, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →