сураккана

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кылмыштуу деп кармалган адамдарды суракка ала турган бөлмө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкжал баатыр Манаста, / Эки канат ажыдаар, / Сураккана үйү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргыздан кыйла жыйылып, / Жыйын болгон кези экен, / Эки канат ажыдаар, / Сураккана үйү бар, / Ал үйүнүн ичинде, / Токсон тогуз бийи бар, / Дердеңдебей баарыңар, / Теги жайын билип ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып дердейип, / Сураккана үйүнө, / Басып келип деңкейип, / Теги кыйын шашылып, / Жигиттерин чакырып: / — Жети жигит чабарман, / Жетисууда элге бар, / Жезкемпир уулу жети хан, / Жетип ага кабар сал, / Үйдө эркек калбастан, / Тойго келсин бары адам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →