сураба

китептерде 13 жолу, 8 китепте
  1. эск. Ийри кылыч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жымбы айтат ошондо: / — Ким экенин билбедик, / Сурабадык эл жерин, / Дайнын сурап билбепбиз, / Кай тараптан келгенин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркан менен тилдешкен, / Бекем байлап сүйлөшкөн, / Билгич киши бул экен, / Келер ишти бүт билген: / — Мадыбекти сурайсың, / Башкадан дагы сураба, / Бекер өлүп кетесиң, / Өз жаныңды канткенде, / Мадыбек үчүн кечесиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Колуңдан келсе айанба, / Өз колуңдан келбесе, / Болбосту менден сураба, / Кечирим кылар жерим жок, / Ойлоп көрсөм мен сага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сурабасаң мынчалык, / Коймок элем жок кылып, / Эт курсакта катырып, / Жүргөн экен пери энем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →