сур2

китептерде 516 жолу, 10 китепте сур 1 →
  1. Кара түс менен ак түстү аралаштыруудан алынуучу түс, толук күйгөн отундун күлү же чополуу кумдак жердин топурагы түстүү өң.
  2. өт. Катаал, көңүлсүз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жөө чыкканга жойкума – / Болутум бар колумда, / Мергениңе, Дабытай, / Аленгир жаа, сур жебе, / Асынып турам жонумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сурады каалап сур тайды, / Албады андан башкамды, / Сурап жатып тайды алып, / Эмеле Жакып аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн жөнөдү, / Эркечтей болгон Сур менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →