супсак

китептерде 1 жолу
  1. Даамсыз, татыксыз, тузу жок.
  2. Татыксыз, жагымсыз, көңүлдү өзүнө тарта албаган, начар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жумуртканы көтөрүп, / Кылжыкенин үстүнө, / Чыныке кирип барыптыр, / Сандыгынан Чыныке, / Жети жолборс жүрөгүн / Бир колуна алыптыр, / Супсак болуп калат, деп, / Жумурткага сүт кошуп, / Азыраак ага туз кошуп, / Бышырып аны бир берди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →