суп
- Пахтадан токулган жука кездеме.
- Эпостордо айтылуучу ак жибектен же ак төөнүн жүнүнөн токулган баалуу кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзасын кыйгай кармады, / Качырып барып Шоорук хан, / Субатайды атынан, / Тоңкойто сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кенендигин билгизди, / Султанга суп тон кийгизди, / Сүрсүгөн эттен жегизди, / Суу-сууда жаткан жоолордун, / Сууруп келип жылкысын, / Сур жорго атка мингизди, / Султандыгын билгизди, / Ыңырчаксыз …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суптарынын суусу деп, / Каныкей сүтүн эстеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Он бир төөдө нан калды, / Пулу оор булумдан, / Бүтүн жибек дудундан, / Карала менен суп тондон, / Арбын калды ошондон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул өмүр бир көңүлсүз, супсур көрүнөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →