сунуш1

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Кандайдыр бир маселе, иш боюнча эмне кылуу керектиги жөнүндө билдирилүүчү пикир, ой, өтүнүч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак калпак кыргыз көп алаш, / Кол сунушуп манжа ууштап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аттардын оозун бурушту, / Аңырайган чочколор, / Кеңколду карап турушту, / Койундан дүрбү суурушту, / Кеңколду көздөй сунушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сакадай менен Сары айар, / Кеңеш кыла калышты, / Жай алып жатты келгендер, / Жакшылап кабар алышты, / Сакадай кийди испанча, / Сары айар кийди калмакча, / Ашпоз боло калышты, / Чай сунуша барышты, / Кебин угуп алышты, / Кененимдин алдына, / Булар келе калышты, / Барганынан келгенин, / Бар кебин айта салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дайар турган кырк жигит, / Атын алып Ажыңдын, / Жасалгалуу сарайга, / Ажыкеңди киргизип, / Аш-тамагын бергизип, / Тай семизин жыгышып, / Жакшылап конок кылышып, / Суусунга арак куйушуп, / Кош колдоп барын сунушуп, / Тынч жаткырды Ажыңды, / Уйкусун баса кандырды, / Таң бозоруп сүргөндө, / Көзү чайыттай ачылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кутургур, / Найзаларын кагышып, / Качпай туруп салышып, / Күүлөп найза сунушуп, / Күчү менен урушуп, / Олпокторун булушуп, / Жан айабай урушуп, / Жаактарын жарышып, / Гүлчородо бадана, / Кутургурдун соту жок, / Денеси таштап кептенип, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →