сунал

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Буту-колу сунулган, бой керген, созулган абалда болуу, ушундай абалда жатуу.
  2. Керилип, созулуп жаткан абалда көрүнүү, ушундай абалда болуу.
  3. Бойлуу, келишимдүү, керилген көрүнүштө болуу, сындуу болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…алың жерге жол салып, / Кырын бузбай кыйратып, / Кызыл канды агызып, / Сабын бузуп бөлүнтүп, / Чар тарапка капканын, / Кездемедин боосун чубалтып, / Баш аламан суналтып, / Жеткенин сайын ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Окчундап качкан немесин, / Кетирбеди Бактыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…игитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат, / Олтурса бир күн талаада, / Бузулду андан кол чубап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Боз кийик топ-топ жайылып, / Аңдып чөөлөр жабылып, / Илбирс басат суналып, / Аңдып жатып кыйыктан, / Текени тандап бул алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Колун тартып алганда, / Керилип сур тай суналды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тал-тал чачын тарады, / Саамай чачын сыланып, / Он төрттөгү кыз болуп, / Кошмойноктун бетине, / Тура калды суналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Наалыгансып муңайып, / Кыска каштуу, кара көз, / Тал чыбыктай буралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →