сун

китептерде 377 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени берүү же алуу, кармоо, коштошуу ж.б. үчүн колду созуу же жалпы башка нерселерди илгери карай багыттап жиберүү, жүткүнтүү.
  2. Сунуш кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качырып найза сунганы, / Каарданып Бекбача, / Кармап найза ыргады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Зарылтпай мени, жеңелер, / Сапты айакка куйуп кел, / Сапты айакты колго алып, / Кыз сулуусу сунуп кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буйдалбай пил жеткени, / Булгалап мурдун шилтеди, / Жазгыра берип чаптырбай, / Жандай түшүп эр Сыргак, / Чокуга койуп өттү эми, / Пил толгонуп болгунча, / Оролто тумшук сунгуча, / Онду койуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилин сунду булайтып, / Жети сапар Гүлчоро, / Семетейдин сыдырды, / Кызыл тилин чубалтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →