сумсай
- Суздануу, кейиште болуп томсоруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кезенишип көгөрүп, / Кесирлер найза өңөрүп, / Туулгасын томпойтуп, / Төбөсүнө көмөрүп, / Кемерлерин курчанып, / Кер сары тартып сумсайып, / Жутуп ийчүү немедей, / Бузулган күндөй кумсарып, / Жан алуучу найзаны, / Жана кайта колго алып, / Мингени тулпар дыркырап, / Кузгун учуп жаткандай, / Куулгу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…аскер, / Туш-туштан чыкты жабылып, / Көк түпөк кызыл найзамды, / Көп кытайга мылгыттым, / Көчөдөгү душманды, / Көгүчкөндөй ыргыттым, / Сулаттым султандарыны, / Сумсайттым аскер баарыны, / Суудай төгүп каныны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шум канчык мунтип айтканда, / Сумсайа түшүп Тапан хан: / “Сейит айткан чын эле, / Желмогуз болуп жүрбөсүн, / Катын эмес кыз сыйак, / Анда жок менин күмөнүм, / Күмөнсүз кылып сулууну, / Кумардан кана сүйөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Так жолборстой сумсайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес, эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →