сулуулук
- Өңдүү-түстүүлүк; жакшынакайлык; көрктүүлүк, кооздук, сонундук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки жеңин салынып, / Өтө көркөм Торгой кыз, / Сулуулугу таанылып, / Чигитей менен Торгойдун, / Ырысына экөөнү, / Туш болгондой кабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ал тогуздун артынан, / Алмаңа келген тартуудан, / Ырыскы шерик малынан, / Куйругу ашкан жалынан, / Кулжадай төшү салынган, / Жал-куйругу түпөктөй, / Сулуулугун карасаң, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Тумшугуна карасаң, / Сынга тарткан күбөктөй, / Аккуланын иниси, / Макмал жүндүү аркар сын, / Сарала менен он сегиз, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сулуулугу сымбаты, / Арзан менен кымбаты, / Чачыкейче болбосо, / Көңүлүгө толбосо, / Албаймын деп айтып кет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Менин сулуулугум көңүлүңө толбодубу, же беш бир тууганымдын баатырлыгы жакпадыбы?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →