сулуу

китептерде 393 жолу, 10 китепте
  1. Өңдүү-түстүү, өңү-түсү, мүчөсү келишимдүү, татынакай.
  2. Өңү-түсү жакшынакай аял, кыз.
  3. Көргөнгө көрктүү, кооз, суктандырарлык, көрүнүшү сонун, жагымдуу.
  4. Одуракай эмес, жылмакай, сыйда, текши, тегиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Зарылтпай мени, жеңелер, / Сапты айакка куйуп кел, / Сапты айакты колго алып, / Кыз сулуусу сунуп кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Укмуштуу катын Айчүрөк, / Чай кайнатып берсин деп, / Периден тандап сулуудан, / Кырк кыз алып келгенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →