султан
- Феодалдык коомдо бийлик жүргүзгөн, башкаруучу аким, ислам дини өкүм сүргөн элдердеги монархтын титулу жана ушундай титулу бар адам.
- өт. Төрө, мырза.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Тоодой аркаңды, / Кара Тоодой калкаңды, / Тийгизип кет Бекбача, / Төрө баатыр Манастын, / Анык уулу экенсиң, / Билгисип кет Бекбача, / Бүткүл Таңгыт калкына, / Султан кылып аркаңды, / Тийгизип кет Бекбача, / Санаабызды жай кылып, / Тындырып кет Бекбача, / Алтын канча мал канча, / Айабаймын барынча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сурмалуу көздү көргөндө, / Султандын уулу Чунактын, / Суу агып бойдон жуурулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өзүң тапкан өлүмгө, / Болуптур экен тим койсом, / Эл аманын билиптир, / Эр Алмамбет күлүптүр, / Журт аманын билиптир, / Султан Алмаң күлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Султан Манас баатырдын, / Күмбөзүнө алпарбай, / Алмалууну өрдөдү, / “Жаштык кылып Куйалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Султан Алмаң баатырдан, / Бала жолборс Гүлчоро, / Боз ала шумкар болпоңу, / Боз карчыга солтону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →