суктан

китептерде 42 жолу, 9 китепте
  1. Көзү түшүү, көңүлү түшүү, кызыга кароо, көз артуу, сугун артуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рдын түрпөтү, / Үч чынардай көрүндү, / Арууке таап багынан, / Как ушуга тушуккан, / Бир жаздыкка баш кошуп, / Өлүп кетсе арман жок, / Бүт ургаачы болгон жан, / Суктанбаган калган жан, / Көзү көрүп уккандан, / Кылжейрен көрүп кададан, / Карахандан дүрбөшүп, / Кырк хандын эли сураган, / Урумдун ханы Орускан, / Орусканга Карахан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тарттырып колдон асылды, / Койунда жаткан катынды, / Биз жүрөбүз баралбай, / Куткарбаска кошулса, / Суктанып жүргөн сулуусун, / Тапан хан калат алалбай, / Каары катуу Куткарбас, / Жашыл жээктин жерине, / Андан коркуп жан барбай, / Аркаңан ээрчип жүрөйүн, / Арстаным, кечкин күнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мунун көргөн ыраңын, / Суктанбастан тура албайт, / Бербей койсоң мага сен, / Кылдың анда чоң уйат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Суктанган сүйүү кандырып, / Сүйкүмдүү мээрим алдырып, / Тынымканды бергенсиң, / Тагдырың ушул турбайбы, / Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →