суксур

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Өрдөктүн түрү.
  2. Өрүмдүн өзгөчө түрү – майда өрүм.
  3. Майда өрүм менен өрүлгөн сымбаттуу камчы.
  4. өт. Сымбаттуу, көркөм, койкойгон (сымбаттуу моюнга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суксур мойун Сарала ат, / Силкинип суусун жайбаңдап, / Султан Алмаң ошондо, / Суудан чыкты саламат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
калыптыр, / Мындан чыгаар далай кеп, - / Малайларын шаштырып, - / Кысыртай болсо карма, — деп, / Кысырак таңдап сойдуруп, / Байандозду чойдуруп, / Сулуу келин Суксурга, / Кымыз арак куйдуруп, / Тура калып Оболбек, / Кош колдоп сунуп турду эле, / Алдына келген аракты, / Жандырбай чечен урду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →