суйсал1
- диал. Ичке кара жиптен чыйратылып жасалып, учу аялдардын чачына кошо өрүлүүчү чачык, чач учтук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суудай чалкып май агып, / Касиеттүү нечен бай, / Чаначтай болуп чардайып, / Он эки ором элечек, / Оң чекеде кыйшайып, / Олтурат кемпир чалкайып, / Башында кундуз тебетей, / Кыздар басып суйкайып, / Жоодурап көздөн шам жарып, / Келиндер турат суйсалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зулпукан үйгө барыптыр, / Өткүр ыкчыл келинден, / Сөөгү башка керилген, / Сумбаттуу сулуу кыздардан, / Акырын басып суйсалган, / Ырсактап күлбөй сумсайган, / Күмүш оймок уздардан, / Келин ага катындан, / Кем-керчи жок акылдан, / Далайын издеп таптырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
учуп зыпылдап, / Сүйкүм шамал жел айдап, / Кеңколдун ичи зыркырап, / Ачылсын баатыр жолуң, деп, / Атбай кыргыз чуркурап, / Көөнү ачылып кыргыздын, / Жубандары суйсалып, / Белдемчи жерде чубалып, / Суусар, кундуз, бөрк кийип, / Саамайын кыздар сыланып, / Кеп айтаардан эринип, / Мырзалары керилип, / Беттеп чыкты Кененим, / Кеңк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Билмексен болуп жай басып, / Эки кызды бирге алып, / Ырсаңдап күлбөй сумсайып, / Кирип келди суйсалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ем эмес, / Суйсалдын мээри дегенге, / Суйсалдан өөдө көрөмүн, / Айчүрөк сындуу жеңемди, / Сейтек басса бооруна, / Күч-кубаты толбойбу, / Жеңем менен Сейитек, / Суйсалчалык болбойбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →