суйкай

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Ажарлуу көрүнүү, керилип келишимдүү, сулуу көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суудай чалкып май агып, / Касиеттүү нечен бай, / Чаначтай болуп чардайып, / Он эки ором элечек, / Оң чекеде кыйшайып, / Олтурат кемпир чалкайып, / Башында кундуз тебетей, / Кыздар басып суйкайып, / Жоодурап көздөн шам жарып, / Келиндер турат суйсалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жетип барса Жакып бай, / Чыйырды көөнү өтө жай, / Чачын тарап суйкайып, / Олтуруптур жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желмогуз менен Тапан хан, / Жетип Сейит келет, деп, / Мында турсак өлөбүз, / Элге жетиш керек, деп, / Чуркап барат желмогуз, / Суйкайган сулуу кыз болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айдай Чүрөк жеңекең, / Бардасын тартып башына, / Баласын ороп чапанга, / Үйүнө кетти суйкайып, / Жан алчуудай Кыйаздын, / Бузулуп өңү кумсарып, / Өрттөнүп өлүп акырып: / — Кулагың сал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семейтей андай жан эмес, / Жеңил жигит ал эмес, / Жетип келчү бала эмес, / Ал Семетей болгондо, / Эжекең Чүрөк оңчу эмес” — / Деп ушинтип Айчүрөк, / Басып чыкты суйкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →