сугун

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Оозго чоң-чоң салып жеп, жутуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жиберип, / Унутуп ийип арстанды, / Кашыкты кармап имерип, / Чоң жолборстун жүрөгүн, / Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, / Такыр жутуп жиберип, / Жумурткага калганда, / Эсине алып Арстанды, / Туруп калды токтонуп, / Энесинен ийменип, / Биле койуп Чыныке: / — Талгакка жеген тамаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кош колдоп алып сугунуп, / Койбой жеди баарысын, / Колунан бербей намысын, / Кош кылыптыр тындырып, / Сынаган Бакай карысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сарымсак менен согонго, / Чылап туруп сугунткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көк карышкыр жолукса, куйругумду бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей баштабайбы! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →