сугатчы
- Сугат сугаруучу киши.
- Чыйырчыктын сугат мезгилинде учурулган балапаны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…штын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…үн жетпей, / Өзү чалыш макмал жүн, / Басканына жел жетпей, / Оозуна бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу, / Каракашка аргымак, / Ысык жерде өскөн мал, / Жал куйругу би…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суу сугарган сугатчы, / Күрөгүн колго алыптыр, / Орок оруп жаткандар, / Орогун илип белине, / Эки жеңин түрүнө, / Булар да жөнөп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ А дагы келип калыптыр, / Сугатчынын Сугалак, / Суудан балык кубалап, / Бул дагы келип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →