сугат
- Өсүмдүктөрдү, жерди сугаруу, суу жаюу жумушу.
- Мал сугарылуучу жер.
- Кызытылган металлды чыңоо, сууга салып курчутуу жолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ылаачындай шамдагай, / Өтө андес Кардыгач, / Кармап турган оңтойлоп / Шылкы мойун чойун баш, / Дал бетине кылычтын, / Жаза чаппай какканда, / Өзү болот темирден, / Сугаты катуу берилген, / Шылкы баш катуу тийгенде, / Үзүлүп кетти белинен, / Сабы калды колунда, / Тутамчалык темирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылат, / Көрүгүнө чыдабай, / Көп букалар сойулат, / Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулат, / Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолуду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сугатын канык кандырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Беттешкенин мент кылган, / Белдүү баатыр Көкбука, / Балта менен башка чаап, / Сугаты канды кызыл кум, / Шукшурманын канына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →