сугар

китептерде 61 жолу, 9 китепте
  1. Жерге суу жаюу, өсүмдүктөргө суу жаюу.
  2. Суу ичирүү, суусунун кандыруу (малга карата).
  3. Кызытылган металлды сууга, суюктукка салуу жолу менен курчутуу, чыңоо.
  4. өт. Каныктыруу, жетилтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өк, көк ачык, / Булут каптап калгансып, / Сойулун тартып алганча, / Оң карынын булчуңга, / Сайып өттү Бактыбай, / Тарамышын тарата, / Жарып өтүү Бактыбай, / Уу сугарган найзаны, / Өпкөнүн кара тамырга, / Малып өтүү Бактыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Балбандар алып жактырды, / Колумсага салдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Супурасы жыртылды, / Сыйкырына жол койбой, / Сейити буга сыр кылды, / Качып жүрүп кара жүз, / Тапан ханга жолугуп, / Тынч жаткан элге чыр кылды- / Кумду канга сугарды, / Тарпын элдин чыгарды, / Далай баатыр кулады, / Бейажал өлүп букара, / Бекеринен сулады, / Атасынан ажырап, / Жетим балдар чуулдады, / Алганынан ажырап, / Не… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Атаке, тайлагыңызды бизге бериңиз, Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө сугаралы, эгер суудан ичсе тайлак экени чын, ичпесе адам баласы - Чыныбек таздын нак өзү болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →