субай
- Төлү жок, кысыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жете келди Таласка, / Ак сарыбашыл жети кой, / Окшош таргыл эки уй, / Карача каймал сары төө, / Субай сурдан беш боз бээ, / Айта келди Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бөлүнүп үйгө кетерде, / Субайдын баарын жыйнатып, / Ал жерде турган каамытып, / Жөнөтө берди эл алдын, / Бирден асый карматып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан Коңурбай чоң Калча, / Алтын найлуу жез канжа, / Туура тиштеп ошондо, / Суудан жылкы сугарып, / Субайын бөлүп чыгарып, / Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, / Көт жагында шалп этип, / Жуурканына жамынып, / Бурканына жалынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Адырга батпай жайылган, / Эн-тамгадан таанылган, / Эн-тамгасы болбосо, / Ээси көрүп тааныбас, / Элким жүргөн нечен мал, / Минилбеген субайдан, / Желбес жорго сурунан, / Тандап туруп он миңди ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →