стол

китептерде 1 жолу
  1. Такта түрүндө жасалып, горизонталдык абалда коюлуучу, таянычы бар, үстүнө бирдеме коюуга же ар түрдүү иштерди иштөөгө ылайыктап жасалган үй буюму.
  2. өт. Ошондой буюмдун үстүнө коюлган тамак-аш, даяр тамак-аш.
  3. Белгилүү бир иштерди аткаруучу мекеме же мекеменин бир бөлүмү.
  4. өт. Кызмат, кызмат орду.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →