соңку
- Акыркы, кийинки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лбой өлөйүн, / Эрдик менен сайышам, / Кезек менен кирели, / Ким экен баатыр билели, / Армандуу болбо Бекбача, / Мен турамын кезек ал, / Алдыңкы кезек сеники, / Соңку кезек меники, / Алдында кезек мен алсам, / Жоголосуң жалгандан, / Оолуккан бойдон мен сайсам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келер иштин соңкусун, / Акылың болсо байкагын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мурун апийимди Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Кулжа-дан келген кытай, дунгандар гана айдаса соңку кездерде кынык алып кыргыздар да айдоочу болгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Соңку убактарда Мамирмазин баштап өздөрү бирдемеден чочуп тургандай сиркеси суу көтөрбөй кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эми Беккул экөөбүз ушул соңку жолго түшөбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →