сот

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Граждандык чыр-чатак, талаш-тартышты чече турган жана ар кандай кылмыш иштерин карай турган мамлекеттик орган.
  2. Ушундай орган тарабынан кылмыш иштерин же башка маселелерди кароо процесси, анын заседаниеси.
  3. сүйл. Судья.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алактаган Жабыке, / Жаңы чыгып жекеге, / Далактаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкенин артында, / Йобалы Шибе келатыр, / Аты башка Бактыбай, / Атырылтып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топчу кулак карегер, / Бууданы бар минүүгө, / Күрөкө сот дапдаяр, / Кабат-кабат кийүүгө, / Кылычы кында кыңгырап, / Балтасы белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кагуучу кызыл доолбасы, / Чымын тийбей дыңгырап,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…й туруп салышып, / Күүлөп найза сунушуп, / Күчү менен урушуп, / Олпокторун булушуп, / Жан айабай урушуп, / Жаактарын жарышып, / Гүлчородо бадана, / Кутургурдун соту жок, / Денеси таштап кептенип, / Күнү-түнү санаты, / Эки күнү беттешип, / Кайта кетип Кутургур, / Кабаттап кийип темирди, / Качырып кирди сурданып, / Кайра тар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сотко кетебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
…оюн кемитип эки жүз кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →