сорпо

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Кайнатып бышырылган эттин ширеси, чыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медерканды Алтайга, / Калкына кайра келгизди, / Сойгон жерден эт уулап, / Эт жетпесе, сорпо уулап, / Жан сактап калган казакка, / Таптатып күлүк мингизди, / Кыргыз эмес алашка – / Баарына пайда тийгизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аралап басып ылгады, / Сойобуз деп шыйгарды, / Сорполук чыкпайт булар, деп, / Айдап бизди чыгарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сорулабы жаагы, / Сорполуу таттуу аш болсо, / Кантип жупун бу жүрсүн, / Куржунда пулу бар болсо? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак ниеттүү көп жандар, / Ысык сорпо ичкендей, / Тери агып жымырап, / Алатоо эргип бой жасап, / Асман тиреп зымырап, / Атактуу Талас, Кеңколдон, / Көк көрүндү жыбырап, / Эркек эки баланы, / Эптеп ороп алганы, / Эңчеңдей басып Чыныке, / Кененимге барганы, / Сүйүнгөндөн Чыныке, / Кылжыкени унутуп, / Үйдө жалгыз калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…жаркырап, / Тоонун бети жаркылдап, / Жалама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай калтылдап, / Бойу эрип Сомбилек, / Эт жүрөгү балкылдап, / Сорпо ичкендей тер агып, / Бүткөн бойу былчылдап, / Сазда турган немедей, / Тамандары чылпылдап, / Аңгычакты болбоду, / Көрүндү көзгө карааны, / Орто тоодой болжолу,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →