сороңдо
- Сороң-сороң этүү, өйдө ылдый болуп кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дөрбөнү болуп жарадар, / Таңгыттын эли санаадар, / Эки ингендик калмактан, / Батай, Катай - балалар, / Баары барып сороңдоп, / Аскер айдап короңдоп, / Кууп ийди кыргыз, деп, / Колу-буту жоголуп, / Далайы келди чолоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бозчаар минип чолоңдоп, / Жөн жүрбөйсүң сороңдоп, / Чукуп алып көзүңдү, / Койо берем өзүңдү, / Элди таппай, жер таппай, / Тентип өлгөн короңдоп, / Жыгылып-кооп кумда жүр, / Жер кодолдой кодоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эчтемени элебей, / Короңдогон дагы бар, / Көргүн мени дегенсип, / Сороңдогон дагы бар, / Жакшысы бар, жаман бар, / Алдуусу бар, чабал бар, / Акылдуу бар, жинди бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыгачтын баары кодоңдоп, / Башаламан сороңдоп, / Элдин баары эндиреп, / Эсин таппай сендиреп, / Элейип калды нечени, / Эси оогандай темтиреп, / Оогандын эли сандалды, / Табыша албай далданы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →