сорой
- Уркуюп, сорогой тартып чыгып туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоо кулаган немедей, / Томолонуп Дөңкөнөй, / Топо тиштеп соройду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйруктары соройуп, / Мурундары бырбыйып, / Көрүнүп тиши ырсайып, / Карды көөп чаначтай, / Жаткан качыр андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айткан сөздү кылам — деп, / Чычаң сөөгүм коройду, / Чыгып башка соройду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Узун эмес соройуп, / Кыска эмес кодойуп, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эки бети томолок, / Жаткан иттей турат каш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →