соргуч

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Суюктукту өзүнө тартып, соруп алуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аты тоодой тору экен, / Өзү жандын зору экен, / Айылга келди бир киши, / Кимдин эли дебестен, / Алты азамат жигиттин, / Башын кесип жиберди, / Андан кийин кан соргуч. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жамгырчы айтып болгунча, / Дүңгүрөп кетти чуу тартып: / — Тизгинди бердиң Манаска, / Бас десең, эми басабыз, / Баспай жатып албайбыз, / Батыш жакта дөөлөс бар, / Шымалда Шоорук доңуз бар, / Чыгыш жаккы Жанупта, / Араникти ээлеген, / Дөөкан деген соргуч бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…т, / Кай бир жанды келесоо, / Чоң жараттың кудурет, / Эрибеген муз кылып, / Тоң жараттың кудурет; / Өчөштүрүп бир бирин, / Жоо жараттың кудурет, / Буга окшогон соргучту, / Мен байкуштун тушунда, / Не жараттың кудурет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаадыкөй катын беш бала, / Кан соргучтун жанында, / Арак сунуп көз жайнап, / Кылжыке сулуу алдында, / Адам уулу чыдагыс, / Айбатына, каарына, / Көзүн салып карады, / Кербендердин баарына, / Эки эрди жетелеп, / Алып кетти айлына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кан соргуч киле, сары эшек, / Жашап жаткан жапан чөл, / Кызыл сур болуп кубулжуп, / Төшүн жайып жаткан чөл, / Тирүү киши чыкпаган, / Тилеги мунун каткан чөл, / Баскан жандар кумуна, / Тизесинен баткан чөл, / Кадимтен бери бул кумга, / Кадамы каткан кирген чөл. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →