сопу

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Диндик-мистикалык окуунун жактоочусу, дин кызматкери.
  2. Такыба, дин эрежелерин бек кармаган динчил.
  3. Азан чакыруучу мечит кызматкери.
  4. Теспедеги чоң шуру.
  5. өт. Жоош, момун, жоошуп калган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кетер, — деп, / Калбасы мага жетер” — деп, / Тогузун айдап топулдап, / Артынан жүрүп сопулдап, / Жолуккан элден кеп сурайт: / — Жолу каткан бир чалды, / Көрдүңөрбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →