сопол

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Кыска, чолок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сопол куйрук сом туйак, / Сокмоктуу күлүк Тайбуурул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Басып келип тешикке, / Көз жиберсе эшикке, / Сопол куйрук, сом туйак, / Сонун иштер эшикте. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →