соорусун
- диал. Сарымсак, тоо пияздын жаш өзөк сабагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ргөндөй көзөп тапкандан, / Булутту койбой эркине, / Каргаса карын жаадырган, / Жалгаса жамгыр жаадырган, / Шаңкайып турган асмандан, / Алдында минген атынан, / Соорусуна кар жааган, / Кулагына күн чалган, / Минген ээси көрүнбөс, / Жер чаңдаган шамалдан, / Жалыны асман тиреген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кээ жерде дайра кериктин, / Соорусунда түгүнөн, / Бул окшогон наадандын, / Адам коркот түрүнөн; / Кээ бир жерде шыйрактан, / Кармашарга жоо десе, / Кара бойун чыйраткан, / Акпай, чөкпөй өлбөстөн, / Суудан чыкты бул айбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Соорусуна найза жеп, / Кокуй жаным кантет деп, / Кумсарып чөлдө жаткан көп, / Көзала кудай сен калыс, / Сулайматка арткын деп, / Азап менен сообумду, / Арыз айткан андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Соорусунда карасаң, / Сонун иши дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жердин эң соорусун ырасийден көчүп келген мужуктарга алып берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →