соору

китептерде 96 жолу, 8 китепте
  1. Куймулчак менен эки жамбаштын үстү жак бөлүгү.
  2. Малдын жамбаш менен куймулчак арасындагы териси жана андан жасалган кайыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан куйулду жыбырап / Майторунун сооруга, / Камчы саптай куйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кубатайдын соорудан, / Ырыскандын карчыттан, / Кандары чыкты мончоктоп, / Канткенде булар туралсын, / Кайрат кылбай эр токтоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Нечен күңү бар экен, / Семизинен баса албай, / Май соорусу чайкалган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…зү чакчайып, / Кутургурдун ошондо, / Сакалы менен муруту, / Тиктенип чыкты саксайып, / Түкүрүп колго сунганда, / Ач билектен аларда, / Алы келсе сүйрөтүп, / Ат сооруга саларда, / Элөөрүп турат кыз балбан, / Эки жагын каранып, / Найзаңды бергин дегенсип, / Колун сунуп бер жакка, / Нишарат менен билдирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →