сооп

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Диний түшүнүк боюнча: тиги дүйнөдө өз жан жыргалы, күнөөсүз болуп, бейишке чыгышы үчүн бирөөгө жакшылык кылуу; жардам көрсөтүү же башка диндик максаттар үчүн кызмат көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өрттөдү менин сөөгүмдү, / Азыр эле турбастан, / Сарайга жетип барбасам, / Тирүү кудай молдого, / Сени айта салбасам, / Кызмат кылып кудайга, / Бар күнөөдөн арылып, / Бир соопко калбасам, / Жаңы келген молдону, / Зийарат кылып жанбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аны терең болжойсуң, / Убада сөздөн тайгылып, / Ушулбу табаар сообуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Берсе кудай жолумду, / Чечейин өлүм тонуңду, / Бекерче жанга катылбай, / Таба жүргүн обуңду, / Бүтүрөйүн канатың, / Кудай берсин сообумду, - / Кайнатма кара дарыга, / Шыбап алып жарага, / Сынып калган канатты, / Кынабына салганы, / Алып Алтай кырмызын, / Канатын жайча таңганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Соорусуна найза жеп, / Кокуй жаным кантет деп, / Кумсарып чөлдө жаткан көп, / Көзала кудай сен калыс, / Сулайматка арткын деп, / Азап менен сообумду, / Арыз айткан андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мен адамзат, сен айбан, / Аман болсо тайгандар, / Сени кошо багайын, / Айыктырып учуруп, / Анан жолго салайын, / Аллам ачса ак жолду, / Өзүм да кетип калайын, / Кете албасам сак болуп, / Болсо сообуң алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →