соодагер
- Өз алдынча соода ишин жүргүзгөн адам, сооданы жакшы билген, соода кыла билген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Албаса да Калдыгың, / Жолтоо катын кылат, деп, / Алтымыш уруу алашка, / Угулуп калса уйат, деп, / Көзү кыйбай алганым, / Мага окшогон жалжалым, / Соодагер болуп келгенбиз, / Чаңбейсенге барарда, / Эримди үйдөн Курчун хан, / Аскерге алды айдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кош жаңырык кужулдап, / Өйүз-бүйүз зоолору, / Кербен келген белем, деп, / Соодагер келген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет, / Көтөрө албай көптүгүн, / Капчыгай ич…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сулуунун дайынын угуптур, / Соодагерлер кеп салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Өзү соодагер экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →