соода

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Сатык, алыш-бериш, сатуу, сатып алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Соода кылып жүргөнбүз, / Жер кыдырып айланып, / Күн батышка барганбыз, / Мал тапсак деп курган баш, / Бир балаага капташтык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ак тартып, кунан чаап, / Карылардын кылганы, / Чатыраш, кеште, кумалак, / Ойноп жаткан кезинде, / Эч нерсе жок эсинде, / Күн батыштан төө тартып, / Майда-барат соода артып, / Төөлөрүн чиркеп чубатып, / Айылдын наркы четине, / Кербендер келди кечинде, / Келип түштү бешимде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бааша кылган сооданын, / Пайдасын Токоң билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Соода бир топко созулду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →