соогат1

китептерде 29 жолу, 7 китепте
  1. Олжодон-кирешеден бөлүнүп берилүүчү үлүш, энчи. Көбүнчө согуштук, же аңчылыктагы олжо-пайдадан бирге катышкандарга, же жолдо кезиккендерге бөлүнүп берилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Соогат деп бөлүп мал алдың, / Тыш жактан келген эл-журттан / Дегеле куру калбадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Соогат бергин, баатыр, деп / Калган балбан аа барат, / Арбын-арбын менин, деп, / Жан кишиге түк айтпайт, / Татан чыкты жеңет, деп, / Куткарбасты кубантат, / Жаркырап эки жакут таш, / Сейиттин көзүн уйалтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каркырадан ар жакка, / Он миң жылкы соогатты, / Мен Таласка барганча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жигит кийикти өңөрүп чаап келе жатканда, кан "досум, соогат"-деп сураса, тоотпой баратканын көргөн элдер таң калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →