сонунда

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Улам жакшысын, жаңысын, кызыктуусун, сонунун тандоо.
  2. Сонун кылуу, мыктылоо, адам кызыгарлык кооз, сулуу абалга келтирүү.
  3. Сонун көрүү, кызыгуу, суктануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сабы калды колунда, / Байыркынын кептери, / Байандап айтса сонунда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Арам ойлуу Сулаймат, / Кастык кылып соңунда, / Өлгөнүнөн баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Чүрөктү, / Алып кетти үйүнө, / Эр Кыйаздын ойуна, / Арбын акыл, көп санаа, / Айабай түштү ушунда: / “Айчүрөктүн бүгүнкү, / Адам тапкыс насаат кеп, / Ойлогонго сонунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кербендерден кеп угуп, / Кеменгер Манас эркеси / Кеңколдо жатат — деп угуп, / Соодагерден кеп угуп, / Султан Манас тукуму, / Сонундап жатат — деп угуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →