сонун

китептерде 227 жолу, 10 китепте
  1. Эң жакшы, мыкты, абдан кооз, сулуу, абдан кызык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Соорусунда карасаң, / Сонун иши дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →