сонор1

китептерде 8 жолу, 4 китепте сонор 2 →
  1. Жаңы жааган жаш кар.
  2. Жаңы издерди кууп, ушундай карда кылган аңчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шаарга барбай тоо бойлоп, / Сөөк, тойун, чакмакта - / Ушуларда жүрөмүн, / Көбүнчөсү тойунда, / Кыштын күнү болгондо, / Эркечтамдын бойунда, / Соноролоп барам кеп-кээде, / Алажууку Үчташка, / Жайлап чыгам жылында, / Чатыркөл менен Арпага, / Картайганда амал жок, / Сени менен, Кененим, / Олуйа чалга барганга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Боз кыроолуу мезгилде, / Сонордун сонун кезинде, / Бүркүт салып Бокмурун, / Келбей калды кечинде, / Шайы кетип бошоду, / Ошол күнү бешимде, / Бокмурунду чакыр, дейт, / Келе түшүп эсине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошол күнү кечинде, / Туйдурбастан эч кимге, / Күндү жайлап Алмамбет, / Чөп саргайган мезгилде, / Сонор кылып койду эле, / Үйүнө кетпей кабылан, / Ошол жерге конду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп Сейити, / Акылда сонор из чалып, / Абдан байкап көз салып, / Айландыра караса, / Мастан кемпир жанында, / Айтып барган кабарчы, / Сок билеги, сокусу, / Темир ийрек, өгөөсү, / Турган экен баарысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Мен Семетей болголу, / Акшумкар колго конгону, / Мындай сонор болбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →