соно1

китептерде 7 жолу, 5 китепте соно 2 →
  1. Чиркейдин бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илбээсинди бүлдүрдү, / Кайырма менен сонону, / Карчыгага илдирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайырма, чүрөк, соно бар, / Сазды ээлеп жердеген, / Ызгыч менен жагала, / Андай жандар бир канча, / Ала канат таркылдак, / Таң аткыча уктабай, / Сайрап чыгат таркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайырма менен соносу, / Өрдөк менен чүрөгү, / Эти таттуу бөлөкчө, / Канаттуунун жүрөгү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…рс суналып, / Тоолордо илбирс чубалып, / Түлкүлөр ойноп секирип, / Канча түрдүү жүн алып, / Мен да көрдүм дегенсип, / Каркылдап каздар үн салып, / Өрдөк-чүрөк, сонолор, / Каракуназ, жогжоктор, / Аккуу баштап түр салып: / Сууда жүргөн ушулар – / Балык менен кумурчак, / Бака менен чөмүчбаш, / Суунун чыгып үстүнө, / Мойнун созуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →