сомо
- Жалпы жону, жалпы жыйынтыгы, болжолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карчыгадан шамдагай, / Камбыл туулган кайран эр, / Сомо темир, сом балта, / Сомдоп соккон айбалта / Чокуга койуп өттү эле, / Түгөнгөн сайын түтөгөн, / Түптүү Манас тукуму, / Буларга бенде түтпөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сомо темир сол балта, / Сомдоп согом Айбалта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кудустук келет алдыңа, / Көзүн кайкап көөнү айнып, / Айдап келген малына, / Сейиттин жайын сурасаң, / Жон сомосу ушунча...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эшик эндүү ай балта, / Сомо темир сом балта, / Сомдоп соккон ай балта, / Келе жаткан чокморду, / Алдыртан өөдө какканда, / Балта тийди чак этип, / Аркасын карай ыргыды, / Үйдөй чокмор жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кабыландын баласы, / Кара мүртөз түгөнгүр, / Сомо темир, сом балта, / Бөлөкбай соккон Айбалта, / Сунуп колго кармашып, / Жоо дегенде шайланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →