сомдо
- Сом, жумуру, чулу формага келтирүү.
- Бир нерсенин болжолдуу кебетесин берүү, толук бүтө элек турпатын түзүү.
- өт. Өлтүрүү, жайлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карчыгадан шамдагай, / Камбыл туулган кайран эр, / Сомо темир, сом балта, / Сомдоп соккон айбалта / Чокуга койуп өттү эле, / Түгөнгөн сайын түтөгөн, / Түптүү Манас тукуму, / Буларга бенде түтпөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эр Семетей камынып, / Сомдогон темир чоң балта, / (Эшик эндүү ай балта) / Кылычты какты каңгыта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сомо темир сол балта, / Сомдоп согом Айбалта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чокусуна чок койгон, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →