солукта

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Ичине тарта энтигип, тез-тез дем алуу.
  2. Энтигип, тез-тез дем тартып ыйлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кобо кылып Суумерген, / Тоңкобаш атып тогуздап, / Көзүнөн жашы тамчылап, / Өкүрүп атып солуктап: / — Сүйлө дедиң сүйлөйүн, / Мурун сүйлөп бергенге, / Айбатыңан сүрдөдүм, / Жандан тойуп түңүлүп, / Алдыңызга киргемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызыл ээк чалдары, / Кызыл муштум балдары, / Кыймылдабай жай уктап / Онтоо кирген оору уктап, / Түшүндө көрүп нечени, / Ыйлап чыкты солуктап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →