соло2
- Бир үн же бир аспап үчүн жазылган же өзүнчө партияда бир киши аткарган музыкалык чыгарма же бий.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн көгөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акыректе чоң калта, / Алты атаар огун сологон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Каңгайлардын шаарында, / Анжусу бар, манжу бар, / Шибе, солон бу да бар, / Кара кытай канча бар, / Андай нечен калча бар, / Уруусун калган унутуп, / Канча-канча барча бар, / Моңгул менен манжудан, / Андан башка калганы, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →