солкулдак

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Серпилгич, ийилме, былкылдак, солк-солк этме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Анда Кошой мындай дейт: / — Акбай бала тың экен, / Баатырлыгы чын экен, / Өткөн күнү Нескара, / Жаңы катын алып деп, / Сынаганы чын экен, / Солкулдак жумшак тарамыш, / Ого бетер балпылдап, / Күндө тердеп былчылдап, / Болбой калган чак экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буулуккан чочко каарданды, / Солкулдак чырпык талдарды, / Тобу менен кармады, / Бал жууран, ышкын жегендей, / Кертилдетип чайнады, / Өнүп чыккан андайдан, / Учурап калган жандардан, / Жебегени калбады, / Жер бетинде бар неме, / Бирин койбой жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ “Жандап өтө берейин, / Солкулдак найза колунда, / Имерилип болгончо, / Аркасынан келейин”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →