солкулда
- Солк-солк этип кыймылдоо.
- Ары-бери ийилген, ийилип, кайра түзөлгөн серпилгич, солкулдак абалда болуу.
- өт. Толуп турган, жетилген абалда болуу, жетилүү, толуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…быз тирүү биздер, деп, / Акылынан адашат, / Ырысканга Чигитей: / — Ырас пейлиң ак болсоң, / Ырайым кылып тирүүгө, / Койбогон киши мен болсом, / Хан башың менен солкулдап, / Кара жашың төгүлүп, / Катуу ыйладың болкулдап, / Калтырбай бердиң барыңды, / Мен албаймын малыңды, / Ээлебеймин тагыңды, / Ээрчитип алып барайын, / Көрө кет…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сагынышкан немедей, / Сакалы ылдый жаш кетип, / Ыйлаган болуп солкулдайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл "жоо келе жатабы" деп качат экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →