солдой

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Узун жана эби-сыны жок, колдогой көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жалгыз колго балта ала, / Эби келбей солдойуп, / Көтөрүлүп колтугу, / Ачылып калды көбүк эт, / Жана жетти Жагалмай, / Кыйамына келди деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…йды, / Балта колдон бош кетип, / Жерге түштү так этип, / Кайра айланып Кененим, / Ач билектен кармады, / Тамандай түшүп силккенде, / Кармаган колун сөгөрдөн, / Солдойтуп сууруп алганы, / Сойуп жайган талпактай, / Жайылып жатып калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сайганда Банус күч келип, / Найзасы сынды бүктөлүп, / Кабылан жетти ошондо, / Аккула менен тап берип, / Кайра тарта бергенче, / Сол мүрүдөн бир сайды, / Солкулдаган Банус хан, / Солдойуп жерди тайанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →