сокур

китептерде 33 жолу, 10 китепте
  1. Көрүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган, көр.
  2. өт. Билими жок, түшүнүгү, сезимдүүлүгү начар, сабатсыз.
  3. өт. Эч нерсеге негизделбеген, курулай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Нил куйдуруп көзүнө, / Сокур болгон кез эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ар качандан бир качан, / Өзүм эле эр дейсиң, / Бир сокурду көргөндө, / Эмне мынча тердейсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
"Уялбай кантип барабыз" деп, Асандын эки көзүн чукуп, сокур кылып туруп, кудукка салып жиберишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →