соксой

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Сороюп чыгып туруу, бийик, узун болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылыч, чокмор, найзачан, / Сом темирин соксойтуп, / Эн темирин артынып, / Бирге келет балтачан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…уруттары сербеңдеп, / Сакалдары эрбеңдеп, / Кармаймын деп кол сермеп, / Буурулду кармап алам деп, / Арыш таштап дардаңдап, / Колу-буту тарбаңдап, / Типтик башы соксойуп, / Орто тоого окшонуп, / Опсуз кирди Кызыл алп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Урса найза мастанга, / Кемпир тургай неме жок, / Таш калыптыр соксойуп, / Сайып алаар кемпир жок, / Ташты сайып кур калып, / Кайда кетти капыр деп, / Тел болуп туруп калганда, / Каткырып күлүп үн чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →